АКШда айдоочусуз унаа сыноо мөөнөтүндө адамды өлтүрө сүздү

АКШнын Аризона штатындагы Темпе шаарында айдоочусуз жүргөн унаа аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-марттан 19-мартка караган түнү болгон. "Uber" компаниясынын өзүн-өзү башкарган бул унаасы жолдогу жөө адамдар өткөн белгиден аялды сүзүп, ал каза болуп калган. Айдоочусуз жүргөн унааларды иштеп чыккандар айдоочулар айдаган унааларга караганда бул унаалар коопсуз болот деп пландашкан. Бирок кырсык болуп кеткенден кийин "Uber" компаниясы АКШнын бардык шаарларында өзү жүргөн машиналарын сыноону токтотту. Аталган компания өзү жүргөн унааларды сыноону АКШнын шаарларында 2016-жылдын май айында баштаган эле.

Бул "Uber" компаниясынын айдоочусуз унаасынын жөө адамдар өткөн жерден адамды сүзгөн биринчи окуясы. Бир жыл мурун Volvo үлгүсүндөгү жол тандабас Аризонада ала салып кеткенден кийин дагы "Uber" робот-унааларын сыноону токтотконун жарыялаган. Башка компаниялар иштеп чыккан өзү жүргөн автоунаалар дагы мурун жол кырсыгына кабылган. Google корпорациясына таандык машина 2016-жылы автобус менен кагылышкан, жабыркагандар болгон эмес.

"Apple" жана "Tesla" сыяктуу бир катар компаниялар айдоочусу жок жүргөн автоунааларды иштеп чыгуу аракетинде. Жакында эле "Tesla" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жер алдында айдоочусу жок жүрүүчү электробусту көрсөткөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zainidin96
2018-03-20 09:36:02
Кереги жок мындайдын айдоочусу барга Караганда,айдоочусу жок унаа жол кырсыгына кабылбайт деп койот болбойт
0
Nuri952311
2018-03-20 12:05:03
Өлтүрө сүздү дегенине аябай күлдүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан