Маалыматка ылайык, кармалган Кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алууга кызмат көрсөтөбүз деп өзүн Кыргыз элчилигинин кызматкери катары тааныштырып келген.
"2018-жылдын январь айында өзүн Дамир деп тааныштырган 30-35 жаштар чамасындагы адам Москва шаарынан 5-6 айдын ичинде жарандык алып берем деп жабырлануучу адамдан 180 000 миң рубль акча каражатын талап кылган. Ал эми жабырлануучу аталган суммадан 63 000 миң рубль акчасын берип, бирок документтеринен дайын жок болуп жатканынан улам тиешелүү кызматтарга кайрылган. Бул боюнча Москва шаарынын Таганск району Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (алдамчылык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган окуяга шектүү катары Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну 1989-жылы туулган К.Т. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда баштыгынан чет мамлекетке чыгуучу паспорттор, мөөрлөр, аскердик билеттер, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр жана Кыргыз жарандарынын миграциондук карталары табылган.
Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү дагы А.А. аттуу аялдан өзүнө жана жолдошуна Орусиянын жарандыгын алып берүү үчүн 166 000 миң рубль акчасын алганы жана дагы бир нече адамдардан алдоо жолу менен акча каражатын алгандыгы аныкталды.
Учурда шектүү Москва шаарынын Таганск районундагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.