Өкмөт алдындагы комиссиянын мыйзамсыз аракеттеринен Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында бажы жана салык тармагында жооптуу кызматтарды ээлеген адамдардын менчик коммерциялык түзүмдөрүнүн жетекчилери менен туруктуу коррупциялык байланышы аныкталган.
"Өкмөт алдында түзүлгөн Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссия 2016-жылдан тарта 2018-жылдын январь айына чейин жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барганы белгилүү болду. Мындан улам 2 жыл ичинде мамлекеттин экономикасына 847 миллион сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура аталган комиссиянын курамын да тааныштырып, бирок аты-жөнүн атаган жок. Алар:
- Экономика министри (Комиссиянын төрагасы);
- Каржы министринин орун басары;
- Мамлекеттик салык кызматынын орун басары;
- Каржы министрлинин борбордук казына бөлүмүнүн башчысы;
- Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыгынын башчысы;
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын опер кызматкери;
- УКМКнын башкармалыгынын башчысынын орун басары (2017-жылдын 3-февралына чейин).
Экономикага зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө материалдары УКМКга жөнөтүлдү.