Индияда 18 жаштагы кыздын кол телефону сүйлөшүп жатканда жарылып кетип, ал каза болду (абайлаңыз, сүрөт)
Индиянын 18 жаштагы жашоочусу Ума Орам аттуу кыз уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканда, телефону жарылып кеткен. Бул тууралуу маалыматтарды чет элдик басылмалар жазып, Ума ал учурда телефонун кубаттагычка сайып алып сүйлөшүп жатканын белгилешкен.
Маалыматта жазылгандай, кыз үй-бүлөсү менен сүйлөшүп жаткан учурда телефон жарылып, анын кесепетинен көкүрөгү, колу жана буту күйүп, эсин жоготуп койгон. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер ага жардам бере алышкан эмес, анткени бул учурда Ума каза болуп калган.
Каза болгон кыздын агасы ал 2010-жылы чагырылган Nokia-5233 үлгүсүндөгү кол телефонун пайдаланып жүргөнүн билдирген. Финляндиялык бул компаниянын өкүлдөрү кыздын жакындарына бул окуяга кайгырып жаткандыктарын билдиришкен.
Кыздын өлүмүнүн себептерин так аныктоо үчүн анын денеси экспертизага берилгендиги жазылат маалыматта.