Франциянын тургуну жаңы төрөлгөн ымыркайларды муздаткычта тоңдурганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылат

Франциянын 38 жаштагы Рамона Канет аттуу тургуну жаңы төрөлгөн ымыркайды муздаткычка салып, жашырып келген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар таратышты.

Маалыматка ылайык, муздаткычтагы наристени Рамонанын кызы байкап калып, атасы Хуан-Карлос Канетке кабарлаган. Шумдуктуу окуянын күбөсү болгон Хуан-Карлос полиция кызматкерлерине кайрылган.

Белгилүү болгондой, ымыркай төрөлгөндөн 48 саат өткөндөн кийин көз жумган. Мындан тышкары полиция кызматкерлери териштирүү иштеринин жыйынтыгында 10 жыл мурда тоңдурулган 4 наристенин жансыз денесин табышкан. Сурак учурунда кылмышкер кош бойлуу экенин күйөөсүнөн жашыруу үчүн ушундай ишке барганын билдирген. Ал эми Хуан Карлостун айтымында, ал жубайынын кош бойлуу болгонун билген эмес. Учурда ал балдарын өлтүргөн аялын колдоп жатканын анын адвокаты билдирген.

Учурда наристелерди муздаткычта тоңдурган аялга карата сот иши башталып, ал өмүр бою эркинен ажыратылары айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-03-20 12:45:03
Кантип эле билбесин дагы колдоп жатканын!
0
Azatbek83
2018-03-20 13:24:47
RusMos76 Башка бирөөдөн бойунда болгонго! Динден алыстап Европа деп ошолордун жолун жолдогондорго сабак болсун!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан