Кечээ, 19-мартта белгилүү теле алып баруучу, диктор Мира Шүкүралиева 4-ирет эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Кудай буюруп кечээ күнү болжол менен саат 16:30да 4-ирет эне статусуна ээ болдум. Кызымдын бою 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм 400 грамм болуп төрөлдү. Учурда ден соолугубуз жакшы. Атасы экөөбүздүн кубанычыбыз коюнубузга батпай, наристебизге жакшы ысым ыйгарууну ойлонуп жатабыз. Буга чейинки балдарыбыздын аттарын чоң ата, чоң апалары коюшкан. Эми кезек өзүбүзгө жетти", - дейт ал.
Белгилей кетсек, диктор буга чейин 1 кыз жана 2 уулдун энеси эле.