Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жооптуу адамдарына жана "К.Ч." аттуу жабык акционердик коомунун жетекчилигине мамлекетке 338 миллион сом зыян алып келген деген негиз менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комитеттин жооптуу адамдары "Куру-Тегерек" алтын, күмүш жана жез чыгуучу кенин казуу үчүн 2003-жылдан 2016-жылга чейин "К.Ч." ишканасынын лицензиясын мыйзамсыз түрдө узартып берип жүргөн.
"К.Ч." ишканасынын уруксат кагазы жокко чыгарылганына карабай ишкана 2015-2017-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусундагы "Чакмак-Суу" кенин өз алдынча ээлеп, казуу иштерин жүргүзгөн. Натыйжада, өлкөгө 169 миллион 699 миң сом зыян келтирген", - деп билдирет Башкы прокуратура.
Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жооптуу адамдары жана "К.Ч." ишканасы казылып алынган 58 килограмм алтынды өздөрүнө ээлеп, өлкө казынасын 168 миллион сомго зыянга учуратканы маалыматта айтылат.
Учурда бул иш боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.