Кант шаарындагы көлмөгө эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, издөө аракеттерин көрүү үчүн айтылган дарекке 4 куткаруучу тартылган.
"20-мартта Кант шаарынын Чкалов көчөсүндөгү көлмөгө 1 эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:00дө ӨКМнын Токмок шаардык №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти аталган мекемеден.