Бишкекте каратэ-до боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 24-25-март аралыгында каратэ-до WKF боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештин башкы максаты эл аралык мелдештерде (Азия чемпиондугу, Азия оюндары жана Дүйнө чемпиондугу) Кыргыз курамын түзгөн спортчуларды аныктоо болуп эсептелет. Мелдеш аталган спорттун 3 түрү боюнча өткөрүлөт. Алар жеке кумите, жеке ката жана командалык кумите.

Жеке "кумите" мелдешинде эркектер 55, 60, 67, 75, 84 килограммга чейинки жана 84 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашса, кыз-келиндер 50, 55, 61, 68 килограммга чейинки жана 68 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашат.

Командалык кумите эркектер арасында мелдешинде ар бир команданы 5 спортчу көрсөтүп, 2 спортчу запаста болсо, кыз-келиндер арасында ар бир команданы 5 спортчу көрсөтүп, 1 спортчу запаста болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан