Баткенде 19 килограмм баңгизатын мыйзамсыз алып бара жаткан милициянын подполковниги кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган А.А. аттуу адам Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери болгон. Ал 19-мартта Ош-Баткен унаа жолунда кармалган. Анын унаасын текшерүүгө алган учурда 16 баштыкка бөлүнүп, кийин мүшөккө салынган 19 килограмм 650 грамм баңгизаты табылган.
Ошондой эле анын жанынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери деген күбөлүк, баңгизаттарды текшерүүдө колдонулган жабдык да табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен аталган баңгизаты Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш экени белгилүү болгон.
Кийин ага карата кылмыш иши козголуп, ОШ ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.