Кинорежиссёр Актан Арым Кубат тарткан "Кентавр" тасмасы 17-марттан тартып Япониянын бир канча шаарларында көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына билдирди.
"17-марттан тартып "Кентавр" тасмасы Япониянын бир кыйла шаарларында көрсөтүлө баштады. Кино өткөн жылдын 22-ноябрында Токиодо өткөн "Токио фильмдери" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлгөн", - дейт режиссёр.
Тасма алгач Токио шаарында 17-мартта көрсөтүлгөн. Андан соң Иокогама, Цукуба, Такасаки, Саппоро, Мориока, Сендай, Ямагата, Ниигата, Нагано, Мацумото, Канадзава, Нагоя, Сидзуока, Хамамацу, Киото, Кобе, Окаяма, Хиросима, Мацуяма, Фукуока, Кумамото, Оита, Кагосима шаарларында көрсөтүлө баштаган.