Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов бүгүн, 20-мартта 58 жашка толду. Алай районунун Будалык айылында 1960-жылы жарыкка келген актёр бүгүнкү күн кадимкидей эле иш күн болгонун айтат.
"Бүгүн, эртең филармониянын ырчылары концерт беришет. Андыктан азыр иш кызуу жүрүп, даярданып жатабыз. Албетте, кесиптештерим куттукташты. Тааныштар, туугандар телефон чалып, каалоо-тилектерин айтып жатышат", - дейт туулган күн ээси.
Кыргызбай Осмоновдун атасы мектепте физика-математика мугалими, апасы 10 баланы өстүргөн баатыр эне болгон. Ал мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун, кийин Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Ошондон бери бир нече театрда актёр жана жетекчи катары эмгектенип келет. Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору.
20-марттын жылнаамасы.