Баткенде "Йакын-Инкар" уюмунун 13 мүчөсү кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда "Йакын-Инкар" уюмунун 13 мүчөсү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 20-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Маалым болгондой, тыюу салынган "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун Нарын жана Жалал-Абад облустарынан келген мүчөлөрү Кадамжай районунун тургундарын уюмга үндөп, мыйзамсыз даават иштерин жүргүзүшкөн.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган уюмдун 13 мүчөсү аныкталып, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символу же атрибуттарын атайылап колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты", - деди Юсупова.

"Йакын Инкар" - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ал 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан экстремисттик уюм деп табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
yrmat88
2018-03-20 19:44:43
Качан бир диний секталардан арылабыз. Таблиги жааматты жап салгылачы. Ушулар тажатып бутушту. Элге уймо уй кыдырып акыл уйротушуп. Бейишти коргозмокчу имиш. Ушуларды корсом эле жиним келе берет. Бейишти молдолордун оозунан эмес, озундун киндик кан тамган жерибизден издеген жакшы. Жомокчулар.
-3
urmat.kg87
2018-03-20 20:33:00
yrmat88,Ал молдокелер, эгер жакшылаап түпкү максатың түшүнсөң сага жакшылык каалап келип жатат, Куранда Алла Таала айткан "Эскерткин жана эскертүү момундарга пайда берет" деп,эгер динден түшүнүгүн болгондо минтип жазбайт болчуң, дааватчыларды жаман көрбөгүлө ал Алланын жолунда жүргөн эң жакшы пенделер.
+5
kriss120
2018-03-20 21:14:17
yrmat88,Сабыр кылып угупкой эчнерсен кетпейт.Бейиштикоргун келсе ошолорго кошул.
+1
pat12
2018-03-20 19:52:06
Бейишти укмак бар, кормок жок.
-11
urmat.kg87
2018-03-20 20:34:05
pat12,Бейишти кийин акыретте түшүнөсүн бир тууганым, Алла сага да динден түшүнүк берсин.
+2
Tolkun555
2018-03-20 20:35:21
pat12,бейишти умут кылгандарды Алла бейишке киргизет.
+1
zhaku2017
2018-03-20 21:56:46
Бейишинерге чон рахмат. Молдосуз деле тан атат. Аман эле болгула. Молдонун жоо жомогуна ишенип журуп кочодо калабыз.
-3
KyrgyzstanBishkek
2018-03-20 22:01:25
Аман болгула дегендер дагы аман эле болгула.
+1
Rusi79
2018-03-21 00:37:04
Бул манкуртар качан гана Сирияга айланганыбызда тушунушот тозокту озубуз колубуз менен жасаганыбызды
+3
Mazi1280
2018-03-21 04:43:46
Rusi79,туура ток этер жерин айтыптырсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан