Бишкек шаарынын Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрү кесилишкен жердеги ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 20-мартта саат 16:50лөр чамасында Бишкек шаарындагы Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ачык аянтта өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге атайын топ тартылып, 17:20да толук өчүрүлгөн. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз, тактоо иш-аракеттери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле "Элдик кабар" рубрикасына окурман окуяны сүрөткө тартып жөнөттү. Анын билдирүүсүнө ылайык, өрттү алгач мобилдик батальондун кызматкерлери ӨКМнын кызматкерлери барганга чейин кол менен өчүрүүүгө аракет кылышкан.