Бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары беттешет

Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы орун алат. Анда Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командаларынын беттеши өтмөкчү.

Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдеш 15-мартта жарым чейрек финалдык баскычтан старт алган. Жалпы эсепте бул мелдешке 16 команда катышып, олимпиадалык система боюнча күч сынашкан.

"Ынтымак" командасы мелдештин жүрүшүндө алгач "Келечек командасын жеңип, чейрек финалда "Толкун" командасын утуп, жарым финалда Чүйдүн "Биримдик Аю" командасынын үстүнөн жеңишке жеткен.

Ал эми Оштун "Достук" командасы алгачкы беттеште "Эмгек Талаа" командасын утуп, чейрек финалда "Көк-Жал" командасынын үстүнөн жеңишке жетип, жарым финалда Чүйдүн "Арашан" командасын жеңип алган.

Ошондой эле бүгүн 3-орун үчүн беттеш орун алат, анда "Биримдик Аю" "Арашан" командасы менен күч сынашмакчы.

Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Бул жылы жеңишке кайсы команда жетерин бүгүнкү беттеш аныктайт.

21-мартта өтө турган беттештер:

3-орун үчүн:

Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"

1-орун үчүн:

14:00дө "Ынтымак" - "Достук".

Нооруз-2018: "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрүнүн финалында кездешмей болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Talaschanka
2018-03-21 08:31:16
Ийгилик эки тарапка Тен.
+7
Sarita
2018-03-21 08:54:00
Алга Ынтымак!!!
0
Maks1
2018-03-21 08:56:12
Кудай колдоп достук жеңсин амиин...
0
edik.toloikon
2018-03-21 09:19:37
Достука ийгилик))
+1
Talaschanka
2018-03-21 10:30:35
ЫНТЫМАК ЧЕМПИОН БОЛОТ БУЙРУСА!!!Алга жигиттер.
0
Nursultan.nurik
2018-03-21 10:58:54
Кируу канча сом экен
0
Talaschanka
2018-03-21 11:17:41
Nursultan.nurтik,билет 500 сомдон сатылып жатыптыр. Биздикилер кетишти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан