Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарында футзал боюнча 2017-2018-сезондун Өлкө кубогунун финалы орун алат. Анда Оштун "EREM" командасы менен Бишкек-Чүйдүн "Sun City" командасы күч сынашмакчы.
Өлкө кубогунун жарым финалында "EREM" Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен кездешип 4:3 эсеби менен жеңип алса, "Sun City" командасы "Налоговик" командасын 5:4 эсебинде утуп алган.
Эми финалда "EREM" менен "Sun City" командаларынын беттеши өтмөкчү. Беттеш Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде саат 12:00дө старт алмакчы.
Айта кетсек, Өлкө кубогунун финалдык бөлүгү 17-мартта старт алган, анда 8 команда 2 тайпага бөлүнүп 19-мартка чейин тайпалык баскычтын алкагында жеңүүчүлөрдү аныктаган. Жарым финал кечээ, 20-мартта өтүп, финал бүгүн, 21-мартта орун алат.
Футзал боюнча Өлкө кубогу, финал:
12:00 "Sun City" - "EREM".