Москвада 14 Кыргыз кыз-келиндин өмүрүн алган өрт чыккан басмакананын директору абактан бошотулду

Москва шаарындагы "Печатный экспресс” басмаканасынын 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган директору Сергей Москвин абактан бошотулду. Мындай чечим 7-мартта Окуловск райондук соту тарабынан кабыл алынганын аталган мекеме расмий сайтына жазды. Андагы маалыматка караганда, Москвин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотуу боюнча арыз берип, сот каза болгон 17 адамдын жакындарынын каршылыгы жоктугунан анын өтүнүчүн канааттандырган.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, 17 адам каза тапкан. Анын 14ү Кыргыз кыз-келиндер болгон.

Басмакананын директору Москвин өрт коопсуздугун сактаган эмес деген кине менен күнөөлүү деп табылып, 2017-жылдын август айында Бутурск райондук сотунун чечими менен 2 жыл 6 айга, башкы инженери Антон Яцков 3 жыл 6 айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Safiya91
2018-03-21 11:33:46
Кантип?????? 17 адамдын омуру 2жыл 6 ай. Акчанын закону кучтуу. Эмнеге тосмо арыз жазып беришет экен ата энелери.
+6
gute
2018-03-21 11:41:18
Бир кылмышкер Депутат кармалса аны куткарып алыш учун болгон депутаттар, министирлер чуркашат.
Аа карапайым адамдар чет элде ушинтип олуп жатышат ал адамдарга бири дагы конул буруп койбойт эмне болуп олду куноолу ким деп
+7
Kirajsjk
2018-03-21 12:05:43
gute,tuura aitasin..uwu chondorsun bawina kelmeyin uwundai iwter bular oilonboit...kudai ozun tarazalap korsotsun
+4
Myxammed1979
2018-03-21 22:49:34
Ооба чыгыптыр мен ошол типографияда иштеймин
0
Myxammed1979
2018-03-21 22:52:20
Каза болгон кыздардын ата энелери каршылыгыбыз жок деп жазып беришиптир ар бирине 1милион рубльдан берет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан