Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеште 3-орунду "Биримдик Аю" командасы жеңип алды

Бүгүн 21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеште 3-орунду "Биримдик Аю" командасы жеңип алды.

Биримдик Аю 3-орун үчүн беттеште Арашан командасы менен кез келип, ири эсепте жеңип алды. Оюндун жүрүшүндө Рустам Тыналиев баштаган "Биримдик Аю" атаандаштарына жеңишке бир да мүмкүнчүлүк бербей 6:1 эсеби менен утуп алышты.
Муну менен "Биримдик Аю" 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, "Арашан" командасы 75 миң сомго ээ болду.

Бүгүн финалдык беттеште "Достук" менен "Ынтымак" командасы кез келет. Беттеш саат 14:00до орун алат.

Нооруз-2018: Көк бөрүдөн "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2018-03-21 13:28:34
Ынтымак чемпион
-2
Erkinbek1978
2018-03-21 13:43:18
Достук жеңсе экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан