Саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG порталынын Түз эфиринин маек төрүнөн эстрада ырчылары Айнура Салахидинова жана Азиза орун алмакчы. Өнөр жолу менен катар үй-бүлө күтүп, чыгармачылыгын бир калыпта кармап келе жатышкан ырчыларга ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:03. Ырчы айымдар жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап өтүштү.
15:06. Салтка айланган ойготкуч суроолордун төртөөнө ырчылар жооп бере албай калышты.
15:08. Азиза: "Үчөөбүздү шоу дүйнөсү табыштырган. Бойдок кезде дос күтө берет экенсиң. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин иргелип баштайт экен".
Айнура: "Биздин багыбызга түшүнүктүү мырзалар туш келген экен. Достугубузду урматтап, азыр жолдошторубуз ага достордон болуп калышты".
15:13. Колдонуучулар тарабынан "Айнура Салахидинованын хит ырлары жок" деген суроо узатылды.
Жооп: "Саны бар, сапаты жок (күлүп). Ар бир угармандын табити ар кандай да. Репертуарымда 40тан ашуун ырым бар, анын 13нө клип тартылган".
15:15. Азиза айым: "Атам "биздин уруудан ырчы чыккан эмес, ырчы болбойсуң" деп катуу талап койгон. Бирок өжөрлүгүм менен чоң сахнага чыгам деп Оштон Бишкекке келе бергем".
15:20. "Студент кезимде эле сахнага чыгып, улуттук аспаптарда кол ойнотуп жүргөм. Ал эми чоң сахнага 2007-жылы чыккам".
15:22. Ырчылар үй-бүлөсү, балдары тууралуу маалымат берүүдө.
15:26. "Соодада достук жок. Биз эсепке такпыз. Жадакалса 50 сомду да тең бөлүп алабыз", - дейт айымдар.
15:29. Ырчылар комуздун коштоосунда "Сен дегенде" аттуу чыгарманы аткарышууда.
15:32. Азиза: "Сахнада гана эмес, үйдө жүргөндө да ырдайм. Кошуналарым укса түшүнүү менен мамиле кылышат".
15:33. Айымдар "Президент жана бомж 3" тасмасында эпизоддук роль жаратканын билдиришти. Эгер режиссёрлор башкы ролго сунуш кылса макул болорун айтышты.
15:35. Суроо: Айнура, жолдошуң президент болом деп талапкерлигин койгон. Акчасы көппү? Эмне менен алектенет?
Жооп: "Сөзсүз акча болуш керек эмес. Кичине да болсо мамлекетке пайда келтирип, кемчиликти түзөгүсү келгени үчүн талапкерлигин койгон. Башында тамаша катары кабыл алгам. Бирок чындык экенин билгенде каршылыгымды билдиргем. Кесиби - юрист. Бирок жашоонун агымына жараша курулуш компанияда иштейт".
15:38. Азиза Мухтар Атаналиевдин жардамы менен сахнага чыкканын, учурда жакшы катышып жүргөнүн билдирди.
15:40. "Биринчи балам боюмдан түшүп калган. Экинчи жолу кош бойлуу болгондо чыкпай жүрсөм Роза эже стимул берчү. Азыр ошол сөздөргө таянып, сахнага чыгып ырдап жүрөм", - дейт Айнура Салахидинова
15:42. Суроо: Өзүңөрдү жылдыз сезесиңерби?
Жооп: "Жылдыз дегенди ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт. Ырчыларга жылдыз дегенди эл ыйгарат. Эч бир ырчы өзүн жылдызмын дебейт".
15:46. Айымдар кийимге болгон табити тууралуу айтып берүүдө.
15:48. Азиза айым кыздары бий ийримине барарын айтса, Айнура айым балдарынын ар кайсы ийримдерге алып барарын айтышты.
15:50. Азиза: "Ырчы болом деген инсан акча табайын деп ырдабайт. Мен үчүн ырдоо - жан дүйнөнүн кемчилигин толуктай турган иш".
15:53. Сахналаш достор Асылбек Өзүбековдун "Эски достор" деген чыгармасын комуздун коштоосунда ырдап жатышат.
15:56. "Тойдо ырдаганда той ээси ыраазычылык иретинде ашыкча акча берсе, уялып кайра өздөрүнө кайтарып беребиз".
15:59. "Жаш ырчылар мамлекет тарабынан сыйланып, наам алып жатканда Роза эжебизге да берилет деп үмүт кылганбыз" деп сыйлыктары тууралуу Айнура Салахидинова айтып берди.
Азиза: "Мен наам үчүн иштебейм. Наам бербей койду деп капа болбойм. Капа болгонго акым жок".
15:59. "Аймактарга концерт койгондо улуу муундагылар көп келишет. Бул биз үчүн кубаныч".
16:04. Ырчылар жакшы каалоо-тилектерин айтышып, эфирди жыйынтыктады.