Орусиянын Курган облусунда окуучу кыз пневматикалык тапанча менен классташтарына карата ок чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Курган облусунун Шадринск шаарындагы мектептердин биринде бүгүн, 21-март күнү эртең менен болгон. Анда 7-класста окуган окуучу кыз пневматикалык тапанча менен классташтарына карата ок чыгарган. Натыйжада, 7 окуучу денелерине тапанчанын огунан көк тактарды жана майда жаракаттарды алышкан. Кийин белгилүү болгондой аталган тапанча ок чыгарган окуучунун атасына тиешелүү болгон.
Ошондой эле маалыматта жаракат алган окуучулардын бирин "Тез жардам" кызматы алып кеткени, бирок азырынча ал кандай жаракат алганы белгисиз экени айтылат.