"Көк бөрү оюнун көрүүгө кетип жатсам аялым толготуп калды. "Ынтымак" командасы жеңери менен төрөдү" дейт Жылдызбек Абдраимов

"Жоролор" куудулдар тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимов бүгүн, 21-мартта кыздуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен көптөн бери көк бөрү оюнунун, тагыраагы "Ынтымак" командасынын ашынган күйөрманымын. Бүгүн оюнду көрүүгө шашып кеткени жатсам, аялым толготуп калды. Төрөт үйүнө жеткирип коюп, кетейин десем дарыгерлер "кетпей тур, азыр төрөйт" деп калышты. Анан эшиктин алдында, унаада оюнду түз эфирде көрүп отурдум. "Ынтымак" командасы жеңди деп сүйүнүп жатсам, врачтар "кыздуу болдуңуз" деп сүйүнчүлөштү. Ошентип бүгүн мен үчүн кош майрам болду. Кызым 3 килограмм 500 грамм салмакта жарыкка келди. Эжесинин аты Акбермет, ага уйкаштырып Акниет койдум. Акниетке чейин 1 кызым, 2 уулум бар эле", - дейт куудул.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Arlenchik
2018-03-21 18:28:57
Бешик боо бек болсун! торолору менен эле ат коюшса кыз кутуп ысым тандап коюшкан окшойт.
+4
Nanei
2018-03-21 18:32:45
Куттуктайм,кызыныз Нооруздай жаркыраган кыз болсун. Бактылуу болгула
+4
Abdizhapar
2018-03-21 18:47:38
Ушуга окшогон ырчы чоорчулар тажаттынар
-6
meni_kut
2018-03-21 20:59:58
Abdizhapar,бул куудул
0
modem4999
2018-03-21 20:43:09
Улакчы кыз болот го
+1
Abdizhapar
2018-03-21 20:53:15
Кызынын омурун берсин кыздуу болдум деп эле жазып кой да жок эле нерсени жаза бербей ынтымак утту анан аялым тороду деп
0
Abdizhapar
2018-03-21 20:55:10
Оюнду туз эфирден толук коргонго мегабайты да жетпейт керек болсо
-2
baatem
2018-03-21 21:11:31
Abdizhapar,мумкун анын wi-fi бардыр, коруп же интернетин улап бергенсип эле суйлой бериш керекпи?
+2
Abdizhapar
2018-03-23 06:24:20
baatem,унаада чон энендин вай файы барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан