SUPER.KG порталынын СУПЕР ТВ бөлүмүнө көптөн бери көрүнбөй, чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчы жана пародист Мээрим Мураталиева маек берди. Ал алдыдагы пландары, чыгармачылык жолунда койгон максаттары, кантип 30 килограммга жакын салмак таштаганы тууралуу жана башка эскерүүлөрүнөн кеп куруп берди.
Учурунда "Аттиӊ ай", "Сырдуу жигит", "Махабатым" аттуу ырлары менен таанылган Мээрим Мураталиева сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен жан дүйнөсү назик, жашык аял заты экен. Бирде күлдүрүп, бирде муӊайган ырчы жана пародисттин балалыгы ата-энесинин талашында өткөн. Себеби апасы калмак кызы, Орусиянын жараны болгондуктан жолдошу менен эки жолго түшкөндөн кийин кызын Москвага бир нече жолу алып кетүүгө аракет кылган.
Маекти толугу менен СУПЕР ТВ бөлүмүнөн шилтеме аркылуу өтүп, видеоматериалдан көрө аласыздар.