Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат чабыш боюнча мелдеш өттү. Анда кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке ат чабыштын 8 түрүнөн 100гө чукул ат чабылды. Байгеге 390 миң сом жана 2 автоунаа коюлган.
Жеңүүчүлөр болсо төмөнкүлөр болуп табылды:
Кыска аралыкка кунан чабыш (1200 метр):
1-орун: Магнат аттуу тулпар, ээси – Турсунаалы Мамбетаитов. Байге 10 миң сом;
2-орун: Эрке тору аттуу тулпар, ээси – Акжол. Байге 5 миң сом;
Кыска аралыкка ат чабыш (1600 метр):
1-орун: Стрельжник аттуу тулпар, ээси - Юрий Бондаренко. Байге 15 миң сом;
2-орун: Көк-Жал аттуу тулпар, ээси - Хуршет Маталов. Байге 7 миң сом;
3-орун: Хонда аттуу тулпар, ээси - Нурбек Ташболот уулу. Байге 5 миң сом;
Кунан жорго (4400 метр):
1-орун: Пансат аттуу тулпар, ээси - а/з "Элдияр". Байге 15 миң сом;
2-орун: Көпөлөк аттуу тулпар, ээси - а/з "Элдияр". Байге 10 миң сом;
3-орун: Цикломент аттуу тулпар, ээси - Кайып Аманов. Байге 5 миң сом.
Кунан чабыш (8800 метр):
1-орун: Көк Серек аттуу тулпар, ээси - а/з "Асанбек Ата". Байге Хонда Одисей үлгүсүндөгү машина.
2-орун: Карина аттуу тулпар, ээси - Нурбек Бейшенбаев. Байге 30 миң сом;
3-орун: Кундуз аттуу тулпар, ээси - Ильшат Салимов. Байге 15 миң сом;
Бышты жорго (6600 метр):
1-орун: Греция аттуу тулпар, ээси - Жаныбек Мырзабаев. Байге 25 миң сом;
2-орун: Вэст аттуу тулпар, ээси - Владимир Олейников. Байге 12 миң сом;
3-орун: Вегас аттуу тулпар, ээси - Ильшат Салимов. Байге 8 миң сом.
Топ байге (13200 метр):
1-орун: Карак көз аттуу тулпар, ээси - Талгарбек Шейшеев. Байге 25 миң сом;
2-орун: Император аттуу тулпар, ээси - Ильшат Салимов. Байге 12 миң сом;
3-орун: Тюльпан аттуу тулпар, ээси - Азиз Уралиев. Байге 8 миң сом.
Жорго салыш (9000 метр):
1-орун: Вулкан аттуу тулпар, ээси - Султан Маткеримов. Байге 45 миң сом;
2-орун: Гориславна аттуу тулпар, ээси - Турсунбек Адамалиев. Байге 20 миң сом;
3-орун: Чардаш аттуу тулпар, ээси - Жаныбек Салиев. Байге 10 миң сом;
Ат чабыш (18000 метр):
1-орун: Гинея аттуу тулпар, ээси - Нурдин Абдыразаков. Байге Ауди А6 үлгүсүндөгү машина;
2-орун: Хан Күрөң аттуу тулпар, ээси - а/з "Асанбек Ата". Байге 30 миң сом;
3-орун: Ырыс аттуу тулпар, ээси - Жанболот Ниязов. Байге 20 миң сом.