Кыргыз спортчулары Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 2 коло медалга ээ болушту
Кыргыз спортчулары жаштар арасындагы Азия
чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу
аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 13-16-июнь
күндөрү Таиланддын Пхукет шаарында өткөн мелдеште Азим Ивахов (55 килограмм)
жана Урмат Газибеков (60 килограмм) коло медалга ээ болушкан. Белгилей кетсек,
мелдешке 20 өлкөдөн келген спортчулар катышышкан.