АКШда полиция кызматкерлери жарандын колундагы уюлдук телефонун тапанча деп ойлоп, аны атып салышты

АКШнын Калифорния штатында полиция кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы Стефан Кларк өлтүрүлдү. Офицерлер маркумдун колундагы уюлдук телефонун тапанча экен деп ойлоп, ага карата ок чыгарган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Окуя маркумдун чоң энесинин үйүндө болгон. Полиция бөлүмүнө Стефан Кларктын кошунасы арыз менен кайрылып, анын унаасынын терезесин талкалап койгонун айткан. Мындай доодон кийин эки полиция кызматкерлери айтылган дарекке келишип, Стефанга колун көрсөтүүсүн буюрган. Стефан офицерлер койгон талапты аткарбай, короонун артын көздөй качууга аракет кылган. Бирок полиция кызматкерлери аны кууп жөнөгөн. Стефандын колундагы телефонун офицерлер тапанча экен деп чочулап, ага карата ок чыгарган.

Өлүм алдында жаткан Стефандын колуна кишен таккандан кийин, ага жардам көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал ошол жерден мерт кеткен.

Каза болгон кишинин жанынан курал эмес, уюлдук телефон табылган. Анын артында 2 баласы калды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kimbar
2018-03-22 09:09:45
Телефонду тапанча дебей эле, Негрлерди ушинтип атып салаберишет нацисттер.
+10
abon
2018-03-22 09:51:42
аларды нацист эмес. рассист дейт!
+7
barsa30
2018-03-22 11:04:39
Негизи озу куноолуда качпай колго тушуп берсе олбойт эле.штраф менен чыгып кетмек .
+3
Adiletia
2018-03-23 00:13:47
А энeңдурайын биздеда ушундай жаман кошуналар көп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан