АКШда күйөөсү менен баласы карабай койгон аялдын буту курттарга жем болду

"АКШнын Жоржия штатынын тургунунун бутун курттар жеп баштаган. Себеби аны жолдошу жана баласы кароосуз калтырган" деп жазат "Лайф.ру" маалымат агенттиги.

"Жоржия штатындагы "Тез жардам" бөлүмүнө улгайып калган аялдын акыбалы оор деген билдирүү келип түшкөн. "Тез жардам" кызматкерлери үйгө кирип келгенде шейшеп жамынып отурган аялды көрүшкөн. Анын ак шейшеби күрөң болуп, үстүн курт каптап калган үрөй учурган окуяны көрүшкөн.

Оорукчан аял жаткан керебеттин айланасы таштандыга толуп калган. Мындан улам таштандыдан пайда болгон курттар анын бутун жей баштаган.

Аялды карабай койгондугу үчүн анын 54 жаштагы жолдошу Терри Соррелл жана 18 жаштагы баласы камакка алынышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2018-03-22 09:28:04
Атасы ойлобосода баласы ойлонсо болмок ХХХХ
+10
yasin11
2018-03-22 09:32:28
Аллахым бизге жакшы карылыкты бере кор
+21
Avazkai
2018-03-22 10:48:21
Аллахым карыган кезибизде балдарыбыздын сый урматтын коруну барыбызга насип кылсын.
+21
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан