"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Дөөлөт Сыдыков монголияда манас айтты" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Аталган видеодо манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Монголияда жайгашкан Чынгыз хандын эстелигинин алдында отуруп алып улуу "Манас" эпосунан үзүндү айтып жатканын көрүүгө болот.
"Манас эл" коомдук кыймылы жаз мезгилинде өткөрүп келе жаткан 18 күндүк манас айтуу жөрөлгөсүнүн алкагында улустун улуу күнүндө, бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хандын жеринде, улуу ханга арналган эстеликтин алдында Манас атанын куттуу ырынан ырымдап үзүндү айттым", - деп жазган Сыдыков бул тууралуу социалдык баракчасына.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.