Кыргыз жергесинде жасалган оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 2 жаран Казакстанда кармалып, Бишкекке алынып келди

Кыргыз жергесинде жасалган оор кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 2 адам Казакстанда кармалып, Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, кылмыш Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон.

"2017-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрттөлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Кийин анын И.К. аттуу Кыргыз жараны экени аныкталган. Кылмышты жасаган деп анын И.А. аттуу бир тууганы жана М.Й. аттуу Түрк жараны айыпталган. Бирок алар дайынсыз болуп таптырбай кетишкен соң аларга эл аралык издөө жарыяланган. Кийин алар Казакстандын аймагында кармалып, 16-мартта Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-03-22 12:43:06
Айбандар качып кайда барасынар омур бою бериш керек!
0
kg_emilbekov
2018-03-22 12:50:37
ошолорду ким качырды и кантип чыгып кетти ал жерден ошо соз мага кызык болуп атат
+1
omke.85
2018-03-22 14:50:11
Карындашы менен турк куйо баласы уйун алабыз деп олтурушкон ошолорбу алар кармалса кк эле
0
Drongo
2018-03-22 16:58:29
Кызык,кармалды деп Супер инфого чыкпады беле?Же,качырып жиберишип кайра кармаштыбы?Бул жагы тушунуксуз болуп калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан