Баткенде Өзбек жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 25-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын 47 жаштагы Б.Ш аттуу тургуну Кадамжай шаарында 5 миң 390 килограмм кара өрүгүн саткан. Андан кара өрүктөрүн, өзүн Наргиза деп тааныштырган аял 409 миң 600 сомго баалап сатып алып, акчасын кийин бермек болгон. Бирок ал аял акчасын бербей дайынын таптырбай кеткен. Кийин жабырлануучу Кадамжай РИИБине арыз менен кайрылып, Наргиза аттуу аял издөөгө алынган.
Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ал аял табылып, анын чыныгы аты-жөнүнүн башкалыгы, Өзбекстандын жараны экени аныкталган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.