Аксыда кайнене-келинди өлтүрүүгө айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Аксыда кайнене-келинди өлтүрүүгө айыпталып кармалган адам сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайнене-келинди өлтүрүүгө айыпталып жаткан 30 жаштагы А.Б. аттуу адамдын иши 19-мартта каралган. Анда сот аны күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн режимде өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 2017-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты милициядан билдиришкен. Андан тышкары кылмыш жасалган үйдө маркум аялдын 26 жаштагы кызы дагы оор абалда жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалым болгон.

Кийин аталган кылмышка шектелип ооруканада жаткан 26 жаштагы кыздын жигити кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2018-03-22 18:43:03
Жакшы чечим кабыл алыныптыр эми кылган күнөөсүн өмүр бою абакта өтөсүн.
+6
guli-1980
2018-03-22 19:42:33
Кызынын арам жургону апасы мн келинине кесепети тийдида
+1
rysik79
2018-03-22 23:59:59
guli-1980,гыйбаттан алыс бол. Соттун чечими эн туура чечим. Ал кыз Женеси менен апасынын олоорун билсе коммент жазмак эмес биз экообузго окшоп.
+1
pat12
2018-03-22 19:52:20
Колун менен жасаганды мойнун менен тарт.
+2
Bek_L
2018-03-22 20:04:26
Омур боюнун ордуна олум жазасын койсо болмок. Соттолуучуга да мамлекетке да дурус болот ошондо. Омур бою алда зээригет, аны баккан бюджетке да залал "дан" этип койсо андан коро.
+3
rysik79
2018-03-23 00:00:54
Олуп калыш оной да жатсын андан коро омур бою камалып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан