Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу Антон Землянухин Кыргыз-Мьянма беттешинин мыкты оюнчусу аталды.
Бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын 5:1 эсебинде жеңип алды.
Бул беттеште Антон Землянухин негизги курамда чыгып, оюндун жүрүшүндө 2 гол киргизгенге үлгүрдү. Ал атаандашынын дарбазасына биринчи голун 5-мүнөттө киргизсе, экинчи голун 2-таймда киргизди. Беттештин аягына 10 мүнөт калганда, Антон Землянухиндин ордуна оюн талаасына Бекжан Сагынбаев чыкты.
Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.
Мындай көрсөткүч менен Кыргыз улуттук курама командасы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына алдын ала жолдомо камсыздай алды.