Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери 20 жылдан ашуун жасалма диплом менен иштеп жүргөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери агасынын диплому менен ишке кирип, 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жүргөнү аныкталган. Ал И.М. аттуу кызматкер агасынын дипломундагы аты-жөнүн өзүнүн атына алмаштырып алып, 1997-жылы Жазаларды аткаруу кызматына ишке кирген. Бул түзүмдө ал ар кандай кызматтарда 20 жылдан ашуун иштеген. Кийин ошол эле диплом менен борбордогу университеттердин биринде квалификациясын жогорулатуу үчүн тапшырып, аны аяктаган. Ал 2016-жылы ЖАМКнын алдындагы "Келечек" ишканасынын 8-филиалына директор болуп дайындалып, бүгүнкү күндө да ал жерде иштеп жүргөн.
"Ага карата 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) жана 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине да бул тууралуу маалымат жөнөтүлүп, иш кароо үчүн тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилди", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.