Бишкекте мечитте уурулук кылган деп шектелип, 27 жаштагы адам кармалды

Бишкектеги мечиттердин биринде уурулук кылган деп шектелип, 27 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран 23-февралда мечитке барып, күрмөсүнүн чөнтөгүнөн уюлдук телефонун жана акчаларын уурдатканын айтып кайрылган. Кийин бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, 19-мартта уурулук фактысы боюнча шектүү катары 27 жаштагы Т.И. аттуу борбор калаанын тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин натыйжасында анын мечиттерде катталган башка да 8 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган.

Ага карата 164-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
sinej
2018-03-22 20:53:59
Кудайыңа ишенсен жоо каласын. Кудайчынын куржуну толбойт, болбой озуно эле ишенип, сак журбойбу.
-19
Jeki.apkan
2018-03-22 21:52:14
sinej,акыретте баары жооп берет и сенда! Ойлонуп суйлойлу тууган!
+10
Ka2sr1
2018-03-22 22:07:35
Jeki.apkan,
Акырет бейишнер озунорго буюрсун. Кайсы чала молдонор уйротту акырет деп. Озунорду озунор алдап журо бергендин эмне кереги бар. Чыныгы ишеним журокто гана болот. Молдолордун бейиши жок эле жашообуз жакшы эле журуп жатат. Чала молдо эл бузат болбогулачы.
-17
kairan_ozum
2018-03-22 22:33:24
Ka2sr1,айтканын келип кудайым бейишин насип кылса экен,сага окшогон текеберлердин орду даяр болсо керек ал жакта
+4
Bekturbek
2018-03-22 23:01:51
Ka2sr1,Сен бул буйного келе элегинде,бул жашо бар эле!сен жок болсондагы.ошондой эле сен аркы буйного кете элексин,ал жашодагы бар!ушул жашону коро электегидей!Тозокту коргондо эсине келип каласын!
+3
jbolotov
2018-03-23 12:44:21
sinej, Акыл эсин болсо ушинтип жазмак белен. Динге ишенбесен пайгамбарлар болгонун тарыхтан оку.
+1
Jigit.1982
2018-03-22 21:26:55
Эмне деп тантырап койгонсун. Бул ууру сага окшоп кудайга ишенбей озуно ишненген манкурттардан экен. Мечтке кирип да уурулук кылабы.
+12
Nazymbai
2018-03-22 21:36:15
Мечит имамы жамааттын ортосуда даават кылып суйлошуп , коюп жугорсо жакшы болмок. Эгерде бул жооругун мурда да жасап тынбаган болсо эми байкуш жазасын алат .
+1
Ka2sr1
2018-03-22 22:19:11
Силердин молдонор эмнени туш корсо ошонусуна ишенип, айтып журот. Элдин журогуно шайтан, тозок отун айтып журогуно чуу салып. Молдонун эки созунун бири шайтан, тозок, бейиш. Ушу молдонун жоо жомогун уккандан коро, пайдалуу китеп окуп алган жакшы.
-12
kairan_ozum
2018-03-22 22:35:22
Ka2sr1,сен дагы бир ары жок байкуш экенсин да бечара,соз жок башка
+8
jbolotov
2018-03-23 12:48:02
Ka2sr1, Пайдалуу китеп окубаганын учун билбейсинда. Каапырлар динди бурмалап пайгамбарыбызга ишенбегени менен тарыхчылар пайгамбарлардын омур баянын, Аллах кантип пайгамбарларга колдоо корсотконун жазып Аллах бар экенин дадилдер кетишкен. Ошолорду окуп динге кел дооруп коюп журобербей.
0
Dalil
2018-03-22 22:20:27
Мусулмандардын бетине көө жапкан сени кудайым өзү жазаңды берсин эгер анык уурдаган болсоң.
+3
i1urp
2018-03-22 22:34:30
Оооо кудай, кудай мага бекер тамак берчи деп, асманды карап кыйкырып фанат боло бербей, баардык нерсени адам бул жашоодо оз колу жана акылы менен жасайт. Деле асмандан кудай бир нерсени ыргытканын коро элекмин. Азыр ото эле динчил боло беруунун кереги жок.
-10
Ayida
2018-03-22 22:39:47
i1urp,Аллах сага акыл берип эс бербесе не кылам.Кудай мага бер деп дуа кылып сурайсын. .ирок меенет кылып. Картошка экпей эле мага бер деп сурачы болотбу жок.Себебин кыл сура Аллах берет ырыскыны. Жанада Аллах асманда эмес билип ал.Аллах баардык жерде.Керек болсо сенин ичиндеги ойунду билет Аллах. СЕН соз тийгизбе Аллахга. Сага хидаят берсин Аллахым
+11
Zainidin96
2018-03-22 22:43:42
Ayida,туура айтасын
0
Дарыгер
2018-03-23 02:04:03
Эмне деген каапырлар кирип алган. Тооба кылгыла адашкандар. АЛЛАХка акаарат келтирбегиле. Динди аралаштырбай, тек гана оюнарды жазсанар болбойбу.
0
xnurgul_gul
2018-03-23 04:29:28
Сен мечитте ушул ишти кылсан кочодо канчасын какшаттын экен
+1
altyn2015
2018-03-23 06:49:17
уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан