Москва шаарында Кыргыз жаранын өлтүргөн деп шектелип 33 жаштагы мекендеши кармалды

Москва шаарында киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жаранынын өлүмүнө шектелип 33 жаштагы мекендеши кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 11-сентябрь күнү Москва шаарында киши колдуу болуп каза болгон азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал баш мээсинен алган жаракатынан улам каза болгону аныкталган. Бул факт боюнча Люблинск районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (ден соолукка атайылап залал келтирүү менен байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгендер) менен кылмыш иши козголгон.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында, каза болгон адам 1972-жылы туулган Ж.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Ал эми анын өлүмүнө шектелип 33 жаштагы К.А. аттуу мекендеши кармалган. Учурда кылмыш ишинин чоо-жайын толук аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан