Вьетнамда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Вьетнамда Хошимин шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Өрт чыккан 20 кабаттуу үйдө 700дөн ашык үй-бүлө жашайт. Кырсык бейшембиден жумага караган түнү болгон.
Маалымат булактары айрым жарандар өрттөн сактануунун айласын издеп жатып бийиктен кулап каза болгонун жазууда. Жергиликтүү полиция 10дон ашык жаран түрдүү жаракат менен ооруканага түшкөнүн билдирген.
Азыркы тапта өрт эмнеден улам башталгандыгы аныктала элек.