Кара-Буурада жол кырсыгынан эки айдоочу жаракат алды

22-мартка караган түнү саат 01:50 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылында Ауди жана Спринтер үлгүсүндөгү эки унаа кагылышканын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жаракат алган.

Айтылган дарекке ӨКМнын №91-Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, Аудинин айдоочусун унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми Спринтердин айдоочусуна жеринде жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан