Баткенде Нооруз майрамынан бери 4 мектеп окуучусу изделүүдө

Баткен шаарында 21-марттан бери 4 мектеп окуучусу изделүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Баткен шаарынын тургуну 2005-жылы туулган Адилет Полотов жана 2006-жылы туулган Азизбек Мамытов өздөрү жашаган үйдөн Баткен шаарынын борбордук стадионуна майрамга барабыз деп чыгып кетишкен боюнча дайынсыз болууда.

Ал эми ошол эле Нооруз майрамы күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 2002-жылы туулган Кубат уулу Бекболот жана 2007-жылы туулган Ташбаев Илимбек аттуу балдар Нооруз майрамына карата борбордук стадионго үйлөрүнөн чыгып кетишкен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес.

"Балдарды издөөгө көмөк корсөтүүнү суранабыз, ошондой эле кандайдыр бир маалымат болсо тез аранын ичинде Баткен ОИИБинин төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуңуздарды суранабыз",- деп билдирет басма сөз кызматынан.

Байланыш телефондор: (03622) 5-01-24 (03622) 5-17-56 (03655) 5-00-68, 0772 15-07-81, 0770 21-33-28.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
warrior96
2018-03-23 11:14:06
Эртеерек табылып калсын .Ой балдар майрам бутту кайткыла уйунорго!! Ата эненер кутуп жатат..
+8
ziash85
2018-03-23 11:14:18
Аий жаш балдар экен .эртереек табылып ата-энелерине өткөрүлүп берилсе экен
+7
Pandora
2018-03-23 11:46:54
Эмнеси болсо да аман-эсен табылып калсын ылайым.
+7
Okunboim.
2018-03-23 12:16:25
Кантип жаш баланы озуну коюп беришет а кайда журду экен главный аман эсен болсун
0
Ulanchik91
2018-03-23 12:22:43
Таабылып калсын эми.
+1
BakytAliev
2018-03-23 14:30:36
Угушумча табылыптыр туугандар. Бизде Халмион деген базар бар алысыраак ошол жактан табылыптыр деп уктум
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан