UFC уюму менен келишим түзүү алдында турган Кыргыз мушкер Тилек Машрапов 24-мартта АКШда беттеш өткөрөт

UFC уюму менен келишим түзүүнүн алдында турган Кыргыз мушкер Тилек Машрапов 24-мартта АКШда Sparta Combat League уюмунун алкагында беттешке чыгат.

Машрапов Колорадо штатындагы Денвер шаарында жайгашкан "Budweister Event Center" борборунда Энтони Адамс менен беттешет жана бул беттеш менен Тилек Машрапов UFC уюму менен келишим түзүүгө бир кадам жакындайт. Мелдеш Денвердин убактысы боюнча 24-мартта саат 18:00 старт алат.

Айта кетсек, "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев Тилек Машраповдун UFC уюму менен келишим түзүү алдында турганын айткан. Анын айтымында, Машрапов АКШ аймагында 2 беттеш өткөрүп жеңишке жетсе, UFC уюму аны менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген.

Тилек Машрапов профессионалдык карьерасында 10 беттеш өткөрүп, 8 беттеште жеңишке жетип, анын ичинде 4 беттеште атаандашын нокаутка кетирген.

Ал эми Энтони Адамс профессионалдык карьерасында 1 беттеш өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Se.312
2018-03-23 12:20:12
Ийгилик!
+3
Jyrgal8
2018-03-23 12:36:52
Баатыр эми алга мен ишенем Кыргыздын жигиттери кайсы бир убакта UFC уюмун багындыраарына
+8
kiana
2018-03-23 13:08:52
Кезектеги утук кутуп турат Буйурса Утасын
+3
rysik79
2018-03-23 13:43:51
Аллахым колдосун
+4
aksy94
2018-03-23 16:07:44
Ийгилик
0
kyrgyz.93
2018-03-23 16:24:49
Мен айтар элем спорт менен намысты кыргыз элинен эчким талашпайле койсо
-3
adiletabjalbekov92
2018-03-25 07:16:16
азаматсын ийгилик каалайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан