Бишкек шаарында спорттук бий боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында спорттук бий боюнча өлкө чемпиондугу жана биринчилиги өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спорттук бий федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Бишкек шаарындагы №29-орто мектепте спорттук бий боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу өтөт.

"Чемпиондукту өткөрүүнүн негизги максаты өсүп келе жаткан муунду маданияттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет. Ошондой эле жаштарды жаман адаттардан оолак болуп, спорт менен машыгууга үндөйт", - деп билдиришти федерациядан.

Мелдеш чоңдор, өспүрүмдөр жана балдар арасында өтөт. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан