Белгилүү футболчу Златан Ибрагимович "Манчестер Юнайтед" менен болгон келишимин бузду

Белгилүү футболчу Златан Ибрагимович "Манчестер Юнайтед" менен болгон келишимин бузду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович эки тараптын тең макулдугу боюнча клуб менен болгон келишимин бузду.

"Клубдун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн жалпы команда ага ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайт", - деп клубдун расмий сайтында жарыяланган.

Швециялык 36 жаштагы Ибрагимович "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун курамына 2016-2017 сезондун башында эркин агент катары кирген. Ал клубдун курамында жалпы 46 беттеш өткөрүп, 28 гол киргизген.

Ал эми 2017-2018 сезонунда футболчу алган жаракатынан улам 7 беттеш өткөрүп, 1 гол гана киргизе алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FCBMESSI
2018-03-23 16:12:24
Каарыды
0
admin_media
2018-03-23 17:27:01
Ernic,
Саламатсызбы! Маалымат туура жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан