Ош облусунун Кара-Суу районунда 80 жаштагы карыяны унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-март күнү саат 21:00дө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында 80 жаштагы К.К. аттуу карыяны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.
"Бизге билдирүү 22-март күнү саат 21:00дөр чамасында түшкөн. Жаракат алган адам ошол жерде каза болгон. Жол кырсыгын маркумдун баласы көргөн, бирок ал алысыраак жерде болгондуктан, унаанын номерин көргөнгө жетишпей калган. Сүзгөн унаанын айдоочусу унаасы менен качып кеткен. Учурда сүзгөн унааны издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.