Кыргыздын "ASIA-NUR" элдик ыр жана бий ансамбли эл аралык сынакта жеңишке жетти

Кыргыздын "Asia-nur" элдик ыр жана бий ансамбли эл аралык сынакта жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ансамблдин башчысы Нурлан Намазбеков билдирди.

"Биздин ансамбль Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Firework of Stars 2018" аталыштагы эл аралык сынакта 3 байгелүү орунга ээ болдук. Аталган сынакка 3 өлкөнүн күчтүү бий топтору жана ансамблдер келишкен. Талыкпай эмгек кылып жатып жеңишке жеттик", - дейт Намазбеков.

Бийчилер "Араб бийлери" номинациясында 1-орунду, "Дүйнө элдеринин бийлери" номинациясында 2-орунду, ал эми "Заманбап бийлер" номинациясында 1-орунду багындырган.

Аталган сынакка Орусиянын, Казакстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн бийчилери катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2018-03-23 15:58:31
Азаматсынар. Онорун болсо орго чап. Онорлуу журт - амалдуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан