Бишкек шаарында унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн деп 4 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-мартта саат 3:00дөр чамасында уурулук фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аккумулятор уурдап алып бара жатышкан 4 адамды кармашкан. Тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн баары 18 жаштагы адамдар экени, ошондой эле алардын дагы 15тей аккумулятор уурдоо боюнча фактыларга тиешелери бар экени аныкталган.
Кийин шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата кылмыш иши козголгон.