Кыргыз жергесинен Өзбекстанга 350 миң сомдук косметикалык каражаттарды аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Өзбекстанга косметикалык каражаттарды аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылган 2 Кыргыз жараны колго түшүрүлдү. Алар чек ара кызматкерлери тарабынан чек арадан өтүп жаткан учурда кармалышкан. Кийин алар алып бара жаткан косметикалык каражаттардын баасы 350 миң сомду түзөрү аныкталып, кармалган адамдар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.