Баткенде Нооруз майрамынан бери дайынсыз болуп жаткан 4 өспүрүм табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 23-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алар Кадамжай районуна караштуу Халмион айылындагы базардан табылды. Жоголгон 4 өспүрүм баары чогуу экен. 23-мартта ата-энелерине өткөрүлүп берилди", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин Баткен шаарындагы стадионго Нооруз майрамын тосуу үчүн кеткен 4 өспүрүм дайынсыз болуп изделип жаткан.