Таласта унаа уурдоого шектелип Жалал-Абаддын тургуну кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда унаа уурдоого шектелип, 42 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартка караган түнү Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 49 жаштагы Н.О. аттуу тургунунун Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, көп өтпөй эле милиция кызматкерлери унааны жана аны уурдап кеткен адамды табышкан. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, кармалган адам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 42 жаштагы Т.Ү. аттуу тургуну экени аныкталган. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, шектүү Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munduz2016
2018-03-23 19:37:55
Намыстын баары Таластыктарда болсо албетте да, aza84) ))
-2
meku89
2018-03-24 08:33:34
Жалал-Абаддык Таласта эмне тентип журот?
0
Altyn10076
2018-03-24 16:58:24
meku89,Намыс уурдаганы барып башка нерсе уурдап кеткен турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан