Кара-Сууда 80 жаштагы карыяны сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Кара-Сууда 80 жаштагы карыяны сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кылмышка шектүү катары каза болгон жарандын айылдашы кармалган.

"80 жаштагы карыяны сүзүп кеткенге шектүү катары кечээ, 23-мартта саат 21:00 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 45 жаштагы тургуну Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасы менен кармалды. Ага карата кылмыш иши козголуп, унаасы айып аянтчасына токтотулуп тийиштүү экспертизалар тартылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - дейт Теңизбаев.

Эске салсак, окуя 22-март күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында болгон. Анда 80 жаштагы карыяны унаа сүзүп, ал ошол жерден жан берген. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mina24
2018-03-24 17:18:43
Качпаш керек кудай коруп турат кармалдын да акыры андан коро жардам берип
женил жаза алмаксын балким бошотуп жибермек болору болду деп
+7
Rifle_I
2018-03-24 21:49:55
Эхх, каяпай койсо болмок экен. Балдары да ачуусу тараганда кечирип коет беле.

Шок абалында кетип калган окшойт да.
+2
Kyrgyz_eli
2018-03-25 12:59:27
Жаман конушту бир нерсе кылып коюшуп шок абалымда качып кетиптирмин деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан