Курама командалары үчүн эң көп гол киргизгендердин арасында Криштиану Роналду 3-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24-мартка караган түнү Португалия менен Египет курамаларынын жолдоштук беттешинде Роналду 2 гол киргизип курамасы үчүн киргизген голдорунун санын 81ге жеткирди. Беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталган Египет үчүн голду Мохамед Салах киргизген. Мындан сырткары португалиялык футболчу профессионалдык карьерасында 900чү беттешин өткөрдү.
Роналду бул көрсөткүчү менен башта 80 голу менен 3-тизмекте келе жаткан япониялык Кунисигэ Камамотону басып өттү. Эми анын алдында 84 гол тепкен венгриялык Ференц Пушкаш менен 109 гол киргизген ирандык Али Даеи.
Эске салсак, Кыргыз курамасы үчүн эң көп гол тепкен футболчу Антон Землянухин. Ал 22-мартта Мьянма менен болгон беттеште 2 гол киргизип голдорунун санын 11ге жеткирген.