Азамат Байматов: "Футболдон Индияны жеңүүгө даярбыз"

Кыргыз курама командасынын капитаны Азамат Байматов "футболдон Индия курамасын жеңүүгө даярбыз" деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз курама командасы 2010-жылдан бери Азия биринчилигине чыкканга аракет кылып келген.

"Курама команда 3-жолку аракетинде Азия чемпиондугуна чыкты. Жолдомо утканыбызга көпчүлүгүбүз дагы деле ишене албай турабыз. Кубанычыбызда чек жок, эмоциябыз дагы деле тарай элек. Биз бул көрсөткүч менен чектелбестен 2019-жылы январда мындан дагы жакшы оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз. 27-мартта Индия курама командасы менен оюн өткөрөбүз. Баарыңыздар билгендей эле буга чейин Индиядан 1:0 эсебинде утулганбыз. Ошого карата команда жооптуу беттешти аябай күтүп жатат. Биздин максат - тайпадан 1-орунга чыгуу. Ал үчүн биз алардан 2 гол көп киргизишибиз керек. Баарыбыз бул жоопкерчиликти сезип турабыз, андыктан жеңүүгө да даярбыз", - дейт Байматов.

Футбол боюнча улуттук курама бүгүн, 25-марттан баштап машыгууларын улантат. Маалым болгондой, 27-мартта өтө турган оюнга карата Индия курамасы бүгүн Бишкек шаарына келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
abdamit
2018-03-25 11:55:53
Мактанбай эле турса болмок.
0
murat17
2018-03-25 12:53:05
Уткула биз да колдойбуз сборный командабызды
0
Toxa_bratan
2018-03-25 13:01:16
Алга кыргызстан
0
bayanis
2018-03-25 13:19:30
ошондо 3:0го утуш керекпи 1-орунг чыгыш учун
0
TalaCSKA
2018-03-25 13:50:24
bayanis,2-0 жетет . Бирок баары бир 5 -0 кутобуз
+2
89elnura89
2018-03-25 15:10:25
Мактанып алыпсын эми ут
+2
Rasul94
2018-03-25 16:18:56
89elnura89,+++++
-1
Pchelka85
2018-03-25 15:14:43
Арыктан аттай электе ,"Оппа" дебей тура турса болмок... А так, Ийгилик!!!!!
+2
Mr.Jack
2018-03-25 15:41:19
Азия финалдык оюндарына жолдомо алыштын озу чоон жетишкендик. Азаматтын мактанганга акысы бар бул жагынан. Австралиянын шаштысын кетирди эле бир кезде биздин жигиттер. Ага салыштырмалууу Индия ким болуп калыптыр. Менин прогнозум 3-0 биздин пайдабызга.
+1
BBB88
2018-03-25 16:14:53
Эмнеге ошто болбойт оюндар..бишкектин эскирген стадионунда эле боло берет
-2
atakyzy
2018-03-25 16:34:34
Чондор бир стадион курдуруп койсо болмок 600 доллардан кычкач албай
+3
Kuba-savai87
2018-03-25 17:10:33
Барып колдо корсотуп келебиз буюрса
0
Lion.
2018-03-25 18:24:17
100млн$ Бишкеке 30-35 миң киши бата турган заманбап үстү жабык Стадион түшөт. 600$ кычкач албай ошондой стадион салып бергилечи Урматтуу Бийлик!!!
-3
Rasul94
2018-03-25 19:42:38
Азамат а дегенде оюнунду мыктыла а то кечээги оюнда козго корунор элес калтырбадын.7-номерди кор кылба.
-1
madrid7000
2018-03-26 00:42:40
7-чи номер менен защитада ойногон кызыктай элес калтырат экен.Чабуулчуларга бербейби кыйраткансыбай 4-чу номер кийсен деле болот го.
0
rafo80
2018-03-26 09:29:07
Ай койчу ай , тим эле мактанып салыпсын го ия
0
Cibek
2018-03-26 23:46:01
Ииий бири-биринердин каталаларынарды эле ондой бериптирсинер кайсы макалага кирбейин эмне дейин эми бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан