Кечээ, 24-мартта Иракта террордук чабуулдан 8 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Багдад менен Киркук шаарын бириктирип турган жолдо коопсуздук кызматкерлерин террордук топ курчоого алып, жакынкы дөбөгө алып барып атып салышкан. Террорчуларды табуу үчүн окуя болгон аймакка кошумча полиция тартылган.
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади 2017-жылдын декабрында өлкөдө "Ислам мамлекети" террордук тобу менен согуш бүткөнүн айткан. Бирок кийин алардын күчтөнө элек бөлүктөрү менен күрөшүү керектигин айткан.